Биз менен байланышыңыз

Иманкожоева: Чиновниктер коррупцияга аралашып кетүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2019 | 508 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева «Марал» радиосуна берген маегинде мамлекеттик чиновниктер коррупцияга аралашып кетип жатканын билдирди.

Анын айтымында, аткарминерлер кызматтан куру калуудан коркуп өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кандайдыр бир маселе айтуудан карманат.

«Премьер-министр, президент деле адам. Маселени туура түшүндүрүү зарыл. Адистер сунушун бериши керек. Ысык- Көлдө пасионаттардан чыккан саркынды суу көйгөйү чечилбей жатат. Айрымдар саркынды сууну сордуртпоо үчүн контейнерлердин түбүн тешип коюуда. Натыйжада саркынду суу жерге сиңип, көлдүн түбүнө кетүүдө», — дейт Иманкожоева.

Ал көлгө салынган торлор кайра алынбагандыктан бир топ балыктар кырылганын белгиледи.

«Мындан сырткары эң көйгөйлүү маселе көлдүн тегерегинде 150 метрге чейин курулуш курууга болбойт. Бирок ал нормалар каралбай жатат», -дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM