Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги өлкөнүн аймагында полимердик пленканы өндүрүү, импорттоо жана иштетүүгө тыюу салууну сунуштады. Бирок мындай демилге көптөн бери көтөрүлүп келе жатканына карабай, желим бөтөлкөлөр, целлофан баштыктар колдонуудан чыга элек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан аталган мыйзамды аткарганга даярбы?
Ысык-Көлдө жыл сайын эс алуучулардын артынан көптөгөн таштанды калат. Алар көбүнчө полиэтилен баштыктары, желим бөтөлкө жана пластик идиштер. Көп жылдар бою чирибеген мындай таштандыдан улам, көл булганып жатканын Чолпон-Ата шаарынын тургуну Элвира Нурканова билдирди. Анын айтымында, эс алуучулар калтырган таштандыны жергиликтүү эл жыйнайт. Чогулган таштандыны өрттөшөт. Ал оттон зыяндуу зат бөлүнүп чыгарын билишсе да, башка арга жок экенин кошумчалайт.
— Чолпон-Атага эс алуучулар көп келет. Канча адам келсе, ошончо таштанды калат. Эс алганга келет десе эле, бардыгын таштап, чөйрөнү булгап кетсе болот деген түшүнүк жок да. Целлофандар, желим бөтөлкөлөр калат. Жергиликтүү эл карап, тазалап турабыз. Аргасыз өрттөшкө туура келет. А бирок, өрттөн чыккан уулуу ис абаны булгап, андан кайра эле өзүбүз дем алабыз. Мамлекет таштанды маселесин чечип бере албай койду. Көп эле иштерди жасап жатабыз дешет. Тилекке каршы, ал иштери формалдуу, кагаз жүзүндө гана. Натыйжада, аткарылган бир да иш жок. Андыктан, «Көлгө келип, чыныгы абалды көрүп кеткилечи!» — деп чакырат элем.
Мындан улам Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги өлкө аймагында желим баштыктарын өндүрүүгө, импорттоого жана иштетүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Аталган агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, 2018-жылы жалпы таштандынын 26 %ын желим буюмдар түзгөн. Өлкөдө 406 таштанды жайдын бири да мыйзамдуу талапка жооп бербейт.
— Экологиялык жана экономикалык жактан калыңдыгы 20 макрондон жогору болгон полимердик пленкаларды колдонууга толугу менен тыюу салуу варианты тандалган. Бирок бизнес коомчулугунун мүчөлөрү ЕАЭБдин алкагындагы товардын эркин айлануу укугун бетке кармап, аталган долбоорго кол коюудан баш тартышууда. Ошол себептен Айыл чарба агенттиги азырынча бул мыйзам долбоорун алдыга жылдыра албай келет.
Ысык-Көлдө балык уулоо учурунда Кытайдан келген торлорду колдонууга тыюу салуу боюнча демилге көтөргөндөрдүн бири — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева. Ал бир канча жолу мыйзам сунуштаган, бирок 2-3-окуудан кийин депутаттар четке кагып коюшкан.
— Мен полиэтилен баштыктарга, кытайдын балык кармоочу торлоруна тыюу салуу боюнча канча жолу мыйзам сунуштадым. Унутта калып эле келе жатат. Депутаттар өлкөнүн орчундуу маселесин биринчи карашы шарт. Целлофандарды таптакыр колдонбошубуз керек. Өзүбүзгө, өлкөбүзгө терс таасирин тийгизет. Ысык-Көлдүн түбү целлофан менен ар кандай таштандыга толуп калды. Ошондой эле, ГМОго тыюу салуу боюнча да мыйзам сунуштагам. Депутаттар колдоп беришкен, бирок экс-президент Алмазбек Атамбаев четке кагып койгон. ГМОсу бар азык-түлүктү Европа өлкөлөрүнө кантип экспорттойбуз? Демек, бул мыйзамды кайра карап чыгышыбыз керек.
Эколог Калича Умуралиева жаңы сунушталып жаткан мыйзамды аткарууга Кыргызстандын бүгүнкү күндө күчү жетеринен күмөн санайт. Эгерде пластик буюм, целлофандарды колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алына турган болсо, ыңгайлуу каражатты ойлоп табуу керектигин айтат.
-Биз целлофандарга, желим идиштерге аябай эле көнүп алганбыз да. Эгерде колдонбоого мыйзам чыгара турган болсо, жогоруда айтылган заттардын ордуна мамлекет башка нерсени сунуштай алабы? — деген суроо пайда болот. Албетте желим бөтөлкө, полиэтилен баштыктар өлкөбүз үчүн аябагандай эле зыян алып келип жатат. Бул маселени айтып эле келе жатабыз, айта беребиз дегендей. Экологияны сактайбыз десек, азыртадан мыйзамдар кабыл алынып, иштеши керек.
2019-жылдын 1-мартында парламент «Ысык-Көлдө полиэтилен пакеттерине жана пластик идиштерине тыюу салуу» боюнча угуу өткөргөн.
Кошумчалай кетсек, Түштүк Африкада полиэтилен баштыкты өлкөгө киргизгендер кырк миң доллар айыпка жыгылат. Эгерде төлөгөнгө шарты болбосо, 4 жылга эркинен ажыратылат.