Биз менен байланышыңыз

19 жаштагы Ырыскелди жарылган гранатадан колу жок калды

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 11254 | 0

Дарыгерлер кечээ, 5-октябрда «Ала-Тоо» аянтында өткөн митингде гранатанын осколкасы тийип, жаракат алган 19 жаштагы Ырыскелди аттуу жарандын колун кесүүгө аргасыз болушту. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Элдар Абакиров өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Ошондой эле аталган митингде Адилет аттуу жаранга да резина ок тийип, жаракат алганын билдирди.

Мындан сырткары, Абакиров кечээ митингге катышпаган саясатчылардын, бүгүн кызмат орундары үчүн чуркап жүргөнүн сындап, жаракат алган жигиттердин жеңиш үчүн күрөшкөнүн айткан.

Абакиров бийликке Кыргызстанды кризистен алып чыга турган чыныгы кесипкөйлөрдүн келиши үчүн аягына чейин күрөшө турганын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM