Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Мадурону колдойт

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 608 | 0

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Венесуэланын президенти Николас Мадуронун бийлигин таанып, колдоорун билдирди. Бул тууралуу ал Мадуро менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдиргенин маалымат катчысы Ибрахим Калын билдирди.

Анда ал Мадурого чалып: «Николас тууганым, тик тур! Биз сенин аркаңдабыз. Түрк калкы венесуэла элин колдойт!»,-деп айтканын жарыялаган.

Анын бул билдирүүсү түрк коомчулугунда ар түрдүү талкууларга жем таштады. Социалдык желелердин колдонуучулары «Венесуэла эли Мадурону кууп, аянттарда жүрсө, Эрдоган кайсы венесуэлалыктарды айтып жатат?», «Элин тентиткен башчынын бийлиги кулап баратканда эмнеге артында турат?» сыяктуу пикирлерди билдиришүүдө.

Ал арада Венесуэладагы көлөмдүү элдик толкундоолор күч алып, алар оппозиция лидери Хуан Гуайдону президент деп жарыялашты. Гуайдо өзү да муну тастыктап, парламентте сөз сүйлөдү. Латын Америкасындагы коңшу өлкөлөр Чили, Колумбия, Бразилия жана АКШ бийликтери да Гуайдону президент катары тааный турганын жар салышты.

Бирок Мадуро күч тузүмдөрү менен жолугушууда «Мага кызмат кылгыла! Эң жогорку деңгээлдеги берилгендикти талап кылам. Биз биргеликте күрөшсөк жеңебиз»,-деп сүйлөдү.

Эске салсак, Николас Мадуро беш жыл Венесуэланы башкарды. Өткөн жайда экинчи ирет шайлоону жеңип, январда гана кызматка киришүү антын берди. Өлкөдө диктатура күчтөнүп,  коррупция жана жумушсуздук боюнча континенттеги эң алдыңкы өлкөлөрдөн болуп саналат. Акыркы беш жыл аралыгында өлкөдөн сыртка жумуш изтеп кеткендердин саны 4 миллиондон ашты.

Copyright © 2017 Maral FM