Биз менен байланышыңыз

Трамп Мадурону бийликтен тынч кетиргиси келет

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 799 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Венесуаланын башчысы Николас Мадуро менен жолугуп, аны бийликтен тынч жол менен кетүүсү тууралуу сүйлөшүү ниети бар экенин билдирди. Трамп бул тууралуу өзүнүн Твиттердеги баракчасына 22-июнда жарыялаган.

«Мен кээ бир радикалдардан айырмаланып, дайыма Венесуэланын эли менен бирдикте социализмге каршы турам. Менин администрациям дайыма эркиндикти жактап, Мадуронун зулум режимине каршы турган. Мен аны менен жолугуп, бийликтен тынч эле кетип калчы деп сүйлөшөт элем”, — деди АКШ президенти.

Ал эми май айынын башында Венесуэла президенти жээктен өлкөгө кирип, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган 15 адамдын кармалгандыгы тууралуу кеп кылган эле. Алардын арасында АКШ президентинин Коопсуздук кызматынын эки кызматкери болгон деп эсептейт Мадуро.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши болсо, бул маалыматты төгүнгө чыгарган. Алардын айтымында, АКШнын Венесуэлада болуп өткөн окуяларга эч кандай тиешеси жок. Мадуро болсо муну: “Бул атайын пландалган операция болгон. Болбосо мынчалык ачык, түз жана эффективдүү болбойт эле”, — деп эсептейт..

Ал арада Германия жана АКШ баш болгон 60 өлкө Венесуэланын мыйзамдуу президенти деп Хуан Гуайдону таанышат. Ал өзүн 2019-жылы өлкө президенти жарыялаган. Анткен менен Вашингтондун кысымына жана экономикадагы катастрофалык абалга карабай, Мадуро Орусия, Кытай жана өлкөсүндөгү аскер кызматкерлеринин колдоосуна таянып, өлкөдө өз бийлигин жүргүзүүдө.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM