Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айнегин караңгылаткан унааларга каршы рейд жүрүүдө

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 795 | 0

Бишкек шаарында Транспорт жана жолдор министрлиги менен Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айнегин караңгылаткан унааларга каршы рейд жүргүзүүдө.

22-январда Ибраимов-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде маңдайкы жана капталдагы алдыңкы айнектерин караңгылаткан унаа ээлерин токтотуп, аларга чара колдонулуп жатат. Эртеден бери 10 унаа кармалып, аларга айып салынды. 30 күн ичинде жеке жактар банк аркылуу 3000 сом, ал эми юридикалык жактар 13 миң сом төлөөгө милдеттендирилүүдө.

Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде төлөнбөсө, кийин күнүнө 1 пайыздан туум кошула берет.

Жаңы кирген “Бузуулар жөнүндө” кодекстерде айнегин караңгылаткан унааларга Транспорт жана жолдор министри чара көрөрү айтылган. Ага төмөнкү пункттар кирет:

-Өз алдынча уруксаты жок үн жана жарык койдуруу;

-Өзгөчө кызмат транспорттордун үстүнө мыйзамсыз графикалык жарык схемаларды орнотуу;

-Капталдагы алдыңкы эки айнегин караңгылаткан же алардын ордуна парда таккандар.

Жаңы кодекстер киргенге чейин бул ишти Ички иштер министрлиги аткарып келген. 1-январдан тарта мындай жоопкерчилик Транспорт жана жолдор министрлигине өткөн. Бирок аталган ведомство аны кайра ИИМге өткөрүү боюнча сунуш берген. Өткөн жылдын аягында Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап, кийин 1-окууда жактырылган. Ал Ички иштер министрлигине өткөрүлгөнгө чейин эки министрлик биргеликте рейддерди уюштуруп турушмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM