Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Мектепке электрондук түрдө жазылуу» системасы февралда ишке кирет

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 870 | 0

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева борбор калаадагы мектеп директорлор менен жолугуп, окууга электрондук каттоо менен кабыл алуу боюнча сүйлөштү.

Жолугушууда мектеп директолору «Мектепке электрондук түрдө жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык система менен тааныштырышты. Катышуучулар 1-класска системанын негизинде кабыл алуу боюнча талкуулашты.

Белгилей кетсек, «Мектепке электрондук түрдө жазылуу» — электрондук системасы мектеп жашына жеткен балдарды окууга автоматташтырылган процесстин негизинде 1-класска кабыл алууну шарттай. Система Бишкекте 15-февралда ишке кирмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM