Биз менен байланышыңыз

Тереза Мэй «Брекситти» референдумга салуу сунушун четке какты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 511 | 0

Британиянын Евробиримдиктен чыгуусун кайрадан жалпы элдик добушка салуу пикирин премьер-министр Тереза Мэй четке какты. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

Дүйшөмбү күнү парламентке «Брексит» боюнча келишимди кайрадан алып келген Мэй, аны референдумга салса деле жетиштүү добуш топтой албасын, ал кабыл алынарын айтты. Анын пикиринде мындай кыйчалыш абалдан чыгуунун жалгыз жолу-парламенттин келишимди кабыл алуусу. Анткен менен өткөн аптада эл өкүлдөрү келишимди рекорддук көпчүлүк добуш менен артка кайтарган.

Алар чыгуу боюнча жаңы келишимди алып келүүнү тапшырышкан менен, ал дээрлик мүмкүн эмес болчу. Антени Брюссель Брексит келишимин кайра карабасын кескин түрдө жарыялаган. Эми Мэйдин жаңы сунушу 29-январда парламентте кайрадан добушка коюлат. Ал Британиянын же Тереза Мэйдин өкмөтүнүн тагдырын өзгөртөрү күтүлүүдө.

Эске салсак, британиялыктар 2016-жылы Евробиримдиктен чыгуу боюнча референдумда 51% менен аны жактырышкан. Бирок чыгуу оңой болбосу, анүчүн королдук олчойгон зыяндарга батары маалым болгон соң чыгуудан баш тарткандар кескин көбөйдү. Белгиленген план боюнча Британия ушул жылдын 29-мартында биримдиктен чыгуусу керек.

Copyright © 2017 Maral FM