Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Ушул аптада циркке жетекчи дайындалат

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Янв 2019 | 711 | 0

Ушул апта ичинде мамлекеттик циркке жаңы жетекчи дайындалат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, циркти жетектөө үчүн 3 талапкер арыз берди. Алардын концепциялары, тийиштүү документтери 19-январда кабыл алынган. Учурда талапкерлер каралып жатат.

«Циркке жетекчи дайындоо маселеси кечиктирилип жатканынын себеби, цирктин жамааты бир канча топко бөлүнүп өздөрүнүн талапкерлерин сунуштап жатышат. Мен жетекчи дайындаган соң жоопкерчиликти алууга даярмын. Циркке жетекчи боло турчу адам административдик башкаруу жаатында 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек», — дейт Жаманкулов.

Цирк башкаларга салыштырмалуу өзүн багып кетүүчү, пайда алып келүүчү жанр. Мындан улам циркти жакшы денгээлге алып чыгууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бир жыл ичинде мекемени оңдоп, жаңы аткарууларды чыгарууга болот. Бирок циркте маркетинг менен менежменттин жетишсиздиги байкалат.

«Арт-менежмент деген түшүнүк бар. Ар бир маданий мекемеге арт-менежерлерди киригизүү зарыл. Мунун баары экономикалык жактан изилденип чыгып, жаңы механизмдер менен пайда табууга мүмкүнчүлүк бар. Акырындык менен баарын тазалоого аракеттер болууда», — дейт министр.

Эскерте кетсек, 21-январда Жогорку Кеңештин алдына цирктин ондон ашык артисти каршылык акциясына чыгышкан. Өткөн жылы декабрда цирктин мурунку директору Курмангазы Исанаев кызматтан кеткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM