Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «кандуу Ай» көрүнөт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 654 | 0

Бүгүн дүйнөдө сейрек жолугуучу үч жаратылыш кубулушунун бир убакка дал келген күнү.

Биринчиден, Жер Күн менен Айдын так ортосунда калып, Айдын  Күндөн толук тосулган абалы бүгүн түнү көрүнөт.

Экинчиден, Ай Жерге эң жакын абалга келип, толук жана чоң болуп көрүнөт.

Үчүнчүдөн, Январь айында Айдын өзгөчө толушу илгертен «бөрүнүн Айы» деп аталып келген. Мына ушул үч өзгөчө абал дал бүгүнкү түнгө туш келди. Бул тууралуу астрологдор эскертишти.

Маалыматка ылайык,  Ай Жерди эллипция айланасы боюнча айлангандыктан кээде жакындап, ири көрүнөт, кээде узактап кичирейип калат. Бүгүн анын эң жакын аралыкка келген күнү.

Ошол эле учурда Күндүн нурлары Жердин кырлары аркылуу Айга чагылып, ал күңүрт кызыл түс алат. Ошондон улам аны «кандуу Ай» деп атап коюшат.

Мындай сейрек кубулушту планетанын бардык аймактары көрө албайт. Орусиянын түндүк-чыгыш бөлүгү,  Батыш Европада Франция, Британия, Испания жана Португалия мамлекеттеринин түндүк-батыш аймактарында жана Африканын батыш тарабы жана Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн чыгыш аймактарынан көрүнөт.

Кызыл Ай Гринвич убактысы боюнча түнкү 02:35те башталат.

Copyright © 2017 Maral FM