Биз менен байланышыңыз

Өлгөн киттин ичинен 150 даана желим баштыгы чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 891 | 0

Деңиз толкундары Индонезиянын улуттук паркындагы жээкке өлгөн киттин денесин сүрүп чыккан. Анын ичинен 150 даана, башкача айтканда, 6 кг желим баштык, бөтөлкө жана чыны чыкты. Бул тууралуу Индонезиянын улуттук паркы маалымдады.

Парктын жетекчилигинин билдиришинче, 9, 5 метрлик сүт эмүүчү жандыктын сөөгү Вакатоби улуттук паркынан табылган. Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин өкүлү Ди Супрапти: «Жандыктын эмне себептен өлгөнүн башында биле алган жокпуз. Бирок изилдеп келгенде абдан коркунучтуу натыйжаны көрдүк. Балыктын ичи желим таштандыга толуп калган экен», -деп айтты.

Индонезия сыяктуу Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүндө желим буюмдары олуттуу маселе жаратып келет. Кытай, Вьетнам, Индонезия, Филлипин жана Таиланд мамлекеттеринде бир жолу колдонулуучу желим буюмдардын 60%ы деңизге ыргытылат. Бул жылына жүздөгөн ири деңиз жандыктарынын өлүмүнө себеп болуп жатканын билдиришет. 2015-жылы Таиландда бир китке изилдөө жүргүзүшкөндө ал 80 даана желим баштыкчаны жутуп өлгөн.

Өткөн жылдын жыйынтыгында БУУ сууга ыргытылган 10 миллион тоннадай желим таштандынын натыйжасында деңиз жаныбарларында орду толгус жоготуулар катталып жатканын билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM