Биз менен байланышыңыз

Айда биринчи жолу пахта өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 756 | 0

Кытайдын Эл аралык космостук башкармалыгы учкучсуз «Change-4» космикалык унаасы менен пахтанын жана картошканын уругун алып барып, эккен. Ал аппараттка жерден берилген сигналдын артында ал урукка суу куюп, натыйжада урук көчөт абалына келген. Бул Айда өскөн биринчи биологиялык жандык.

Бул тууралуу Кытайдын комунисттик партиясынын маалымат булагы болгон People’s Dayli басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, пахта жана картошканын уругу атайын кутуда сакталып барган. Айга чейинки 20 күндүк сапарда ал атайын системада каралган.

Долбоордун авторлору, эгер булар жакшы натыйжа берсе, Айда текстиль үчүн пахта өндүрүүгө мүмкүн болорун, ушундай эле тажрыйбаны Марста да жасап көрүү зарылдыгын айтышууда. Ал эми картошка космонавттар үчүн азык болмок.

Эске  салсак, Change-4 космикалык аппараты Айдын караңгы тарабын изилдөө үчүн Aytken районуна 3-январь күнү конгон. Буга чейин айдын карангы тарабынан бир нече сүрөттөр тартылганы менен, ал жакка эч ким коно элек болчу.

Copyright © 2017 Maral FM