Биз менен байланышыңыз

Айда 4G тутуму түзүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 405 | 0

NASA Айга мунара орнотуу боюнча Nokia менен келишим түздү. Убакыттын өтүшү менен Айдагы 4G тармагы 5Gге жаңыртылат.


АКШнын космос агенттиги NASA Финляндиянын Nokia компаниясы менен Айга 4G зымсыз тутумун жайгаштыруу боюнча келишим түзгөнүн CNN билдирди.

Белгиленгендей, 2028-жылга чейин Айга база куруу пландаштырылууда. Долбоор Nokia компаниясынын туунду компаниясы Bell Labs тарабынан Intuitive Machines инженердик компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Bell Labs компаниясы долбоорду ишке ашыруу үчүн NASAдан 14,1 миллион доллар алат.

Космос агенттигинин айтымында, 4G тармагы Айдагы радио сигналдарга караганда ишенимдүү байланышты камсыздайт. Жердегидей эле, Айда да убакыттын өтүшү менен 4G тармагын 5Gге жаңыртууну пландап жатат.

Ошондой эле Bell Labs чакан мунараларды жаратууга мүмкүнчүлүк берген технологияны иштеп чыккандыгы маалымдалды. Алардын сигналдар диапазону кадимки сигналдарга караганда бир кыйла чектелген, бирок аз кубаттуулукту колдонушат жана космос кемесинде алып жүрүүгө абдан ыңгайлуу.

NASA ай базасынын курулушун 2028-жылга чейин бүтүрүүнү пландап жатат. Аталган көйгөйдү чечүүгө керектүү технологияларды түзүү үчүн агенттик 370 миллион доллар бөлгөн. Бул каражат зымсыз байланыш, электр энергиясын өндүрүү, робототехника жана башка ушул сыяктуу тармактарда чечимдерди иштеп чыккан компанияларга бөлүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM