Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Бийликтегилер бардык мыйзамдарга “түкүрүп” жатышат

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Янв 2019 | 774 | 0

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстан учурдагы Конституция менен кете турган болсо анда эл өкүлдөрүнүн 2020-жылдагы парламенттик шайлоого партиялык тизме менен барууга акысы жок экенин билдирди.

Анын айтымында, барган сайын парламенттеги депутаттардын билим деңгээли төмөндөп бара жатат. Шайлоо системасы бизнесмендердин бийликке келүүсүнө жол ачып койгон.

Ал эми бардык бийлик бутактарынын президенттин көзүн караганынын себеби Кыргызстанда реалдуу бийлик өлкө башчынын колунда. Бирок Баш мыйзамда андай эмес.

«Алсак, президент былтыр 2018-2040-жылдарга карата Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын кабыл алды, парламент буга макул болду. Бирок бул ички саясат. Президенттин ички саясатка кийлигишүүгө укугу жок. Мындан сырткары, экс-президент Роза Отунбаева мыйзамды бузуп Текебаевдин мунапыс маселеси боюнча президентке кайрылды. Ага да ЖКдагы фракциянын лидерлери кол коюп берди. Мунапыс жөнүндө мыйзамдын 14-беренеси бузулганын карап да коюшкан жок. Мыйзамдуулукка келгенде элге “түкүрбө, какырба” дейбиз. Бирок бийликтегилер бардык мыйзамдарга “түкүрүп” жатышат», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM