Биз менен байланышыңыз

Түркия Сирияда «коопсуз аймак» түзөт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 581 | 0

АКШ президенти Дональд Трамптын «экономикасын талкалайбыз!» эскертүүсү менен билдирген Сириянын түндүгүндө «коопсуз аймак» куруу талабын түрк бийлиги аткармай болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Биздин артка кайтпашыбызды көрүп, Сирияда коопсуз аймак тузүүнү сунушташты. Биз буга каршы эмеспиз»,-деген жообун берди.

Бирок серепчилердин айтымында, Вашингтон менен Анкаранын «коопсуз аймак» тууралуу көз караштары эки башка чыгууда. АКШ 32 чакырымдык аймакка күрддөр менен бирге өзү колдогон арап күчтөрүн да киргизүүнү көздөсө, түрк тарап ага өзүнүн аскердик бөлүктөрү менен өнөктөш болгон «Эркин Сирия  армиясын» коюуну пландоодо.

Алардын айтымында эгер коопсуз аймак Американын талабы боюнча курулса, анда 5-10 жыл ичинде Түндүк Сирияда Ирактагыга окшош күрд мамлекети пайда болот. Бул Түркиянын коопсуздугу жана бүтүндүгү үчүн абдан кооптуу болот.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп Сириядагы 2500дөн ашык аскерлерин чыгарарын жарыялаган. Бирок бул үчүн өлкөнүн түндүгүндөгү күрд өнөктөштөрүнүн коопсуздугун сактоо тууралуу түрк тараптын кепилдигин талап кылууда.  Анкара болсо Сириянын түндүгүндөгү күрддөр ээлеп турган аймак террористтердин ордосу экенин, алар PKK тобуна колдоо көрсөтөрүн жүйө келтирип, сокку урууга даярданышууда. Трамптын «экономикасын жыгабыз» опузасы бул кадамын токтотуп, башкача жол алууга аргасыз кылганы айтылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM