Биз менен байланышыңыз

Орусиядан чыга тургандарга салык салуу сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 595 | 0

Орусиядагы «Аванти» бизнес  өнүктүрүү  багытындагы ишкерлер асооциациясы өлкөнүн чек арасынан чыга турган орусиялыктар менен чет элдиктерге 500 рубль өлчөмүндө салык киргизүүнү сунушташууда. Алар мындай долбоорду Думанын спикерине, Ростуризмдин жетекчисине жана Федералдык кеңештин жетекчисине жиберишкен. Бул тууралуу Риа новости жазып чыкты.

«Өлкөнүн туризм секторуна мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каржылык колдоо акыркы жети жылда 422,2 млрд рублду туздү. Биз сунуштаган долбоордун артында жылына 35 млрд рубль кошумча пайда түшөт. Бул 2019-2025-жылдарга карата «Орусиянын ички жана сырткы туризмин өнүктүрүү» программасынын ийгиликтүү ишке ашуусуна гана көмөк көрсөтпөстөн, өлкөнүн туризм тармагынын инновациялык өнүгүү жолуна түшүүсүнө да жардам берет»,-делет долбоордун документинде.

Маалыматка ылайык, мындай салык түрү туристтик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана туристтерди өзүндө алып калуу максатында ишке кирүүсү мүмкүн. Салыктан 24 сааттан аз өлкөдө токтоп, кайра чыгуучулар гана бошотулат. Андан сырткаркылар ар бир чыгышында салык төлөшөт.

Долбоордун демилгечилери буга дүйнөлүк практиканы мисал кылып көрсөтүшүүдө. Япония, Перу, Индонезия свяктуу бир катар өлкөлөрдө мамлекеттик чек арадан сыртка чыгуучуларга белгилүү өлчөмдө салык салынат.

Эске салсак, Орусия туризм боюнча дуйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринен болуп саналат.  2017-жылы өлкө 24 миллион туристти кабыл алып, Европадагы тогузунчу орунга чыккан. Андан мамлекеттик бюджетке 540 млрд рубль пайда түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM