Биз менен байланышыңыз

Македония атын өзгөрттү

Македония парламенти өлкөнүн атын «Түндүк Македония» деп өзгөртүүнү жактырды.

“Добуш берүүгө катышкан 120 депутаттын 81 укуктук өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбооруна «макул» деген добуш бергени- жагымдуу жаңылык”,-деп билдирди парламент спикери Талат Джафери .

Өзгөртүүгө ылайык эми өлкө “Түндүк Македония Республикасы» деп аталат.

Буга чейин 2018-жылдын 17-июнунда Македония менен Грециянын Тышкы иштер министерлери, эки өлкөнүн чек арасынан өткөн Преспа көлүнүн жээгиндеги салтанаттуу иш чара учурунда, мурунку Югославия Республикасынын атын өзгөртүү келишимине кол коюшкан.  Келишим боюнча “Түндүк Македония Республикасы” –деген ат колдонулат.

Бул келишим көптөн берки талаштуу маселени чечип эле тим болбостон, Скопьеге НАТО жана Евро Биримдигине жол ачат. Эми ушундай эле добуш берүү Греция парламентинде да өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM