Биз менен байланышыңыз

«Бизнес-акыйкатчынын иштери ачык-айкын болбосо, бирикмелер каршы чыгабыз»

Пикирлер | 10 Янв 2019 | 703 | 0

ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов “Марал” радиосуна берген маегинде Бизнес-омбудсмен институту ишкердик чөйрөсүнө чоң пайда алып келерин билдирди.

Анын айтымында, ишкерлердин укугун коргоочу институттардын дээрлик көпчүлүгү мамлекетке көз каранды. Региондордогу орто жана чакан ишкерлерди карап, аларга жардам берген институттар аз. Ал эми Бизнес Омбудсмен институ көз карандысыз болуп, ишкерлерге көп пайдалуу болот.

Бизнес бирикмелеринин көпчүлүгү жеке ишкердин көйгөйүн эмес, системалык жалпы маселелерди чечет. Ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү боюнча Жогорку Кеңеш жана өкмөттүн алдындагы кеңештер дагы системалык көйгөйлөрдү жөнгө салат. Мындан улам алар дагы бийликке көз каранды болот. Ал эми бизнес-омбудсмен жеке ишкердин укугун коргойт.

«Алсак, ишкер менен Салык кызматынын ортосунда маселе жаралса, Бизнес-омбудсмен институту ошол жерде колдоо көрсөтөт. Бизнес-акыйкатчы бир гана арыз жазган ишкердин маселесин карабай, мыйзамдар жана системадагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча өзүнүн сунушу менен өкмөткө, парламентке кайрала алат. Анын иштери ачык-айкын болушу керек. Эгер андай болбой ортомчу болчу болсо бизнес-ассоциациялар каршы чыгабыз», — дейт Ажыкулов.

Маалыматка ылайык, токтомдо көрсөтүлгөндөй, бизнес-акыйкатчы жакшы иштей албаса, анда байкоочу кеңештин мүчөлөрү аны кайра чакыртып алып, ордуна башкасын дайындай алышат.

Бизнес-омбудсмен байкоочу кеңешке отчёт берип турат. Мындан сырткары жылына бир жолу өкмөткө дагы маалымат берет.

Copyright © 2017 Maral FM