Биз менен байланышыңыз

Ажыкулов: Карантинден чоң сабак ала алган жокпуз

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 627 | 0

Коронавирус пандемиясы алып келген кризис 1 жылга созулушу мүмкүн. Мындай пикирин Агрардык өнөр-жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору  Темирбек Ажыкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

−Биз карантинден дагы деле чоң сабак ала алган жокпуз. Жалпы айыл чарба багытындагы саясат өзгөргөн жок. Ишканалар да, мамлекеттик органдар эч кандай конкреттүү чечимдерди кабыл алган жок, − деди ал.

Анын айтымында, жалпы экономикада активдүүлүк азайгандыктан, өндүрүштүн көлөмү кыскарды. Экономиканын бардык тармагы басаңдап, чоң жоготууга учурады. Анын кесепети май, июнь айларында билинет.

Мындан сырткары ар бир ишкананы кайра жандантуу бери дегенде 6 ай убакытты алат.

−Ал үчүн элдин керектөөлөрү мурдагы калыбына келиши керек. Баары бири-бирине байланыштуу. Баскычты басып койсок эле, завод иштеп кетет деген ойдон алыс болушубуз зарыл. Учурда эл максималдуу түрдө сарамжалдуулукка өттү. Мындай учурда эмне өндүрсөң да, аз сатылат. Кызык кырдаалга туш болдук. Товар аз сатылганына байланыштуу өндүрүштүн көлөмүн кыскарталы десе, бирок өкмөт өкүлдөрү товар дүкөнгө келбей калса «эл дүрбөлөңгө түшөт, эмнеге иштебей жатасыңар» дешти. Бул кризис 1 жылга чейин созулушу мүмкүн, — дейт Ажыкулов.

Copyright © 2017 Maral FM