Биз менен байланышыңыз

Ажыкулов: ЕАЭБде Кыргызстан да өзүнүн саясатын жүргүзүшү керек

Күн чекит | 25 Сен 2019 | 620 | 0

25- сентябрда Бишкекте IV эл аралык «Евразия жумалыгы» форуму өз ишин баштады. Форумга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Евразия Экономикалык Комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышууда. Иш-чара үч күнгө уланат. Ал эми төртүнчү күнү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер, Евразия Экономикалык Биримдиги уюмунун активдүү катышуучулары бир аянтчага чогулуп, экономикалык алака жана бизнес-кызматташтык маселелерин талкуулашат. Биз бул теманын тегерегинде Айыл чарба өнөр жайын өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов менен түз эфирден маек курганбыз.

— 25- сентябрда Бишкекте IV эл аралык «Евразия жумалыгы» форуму өз ишин баштады. Иш-чаранын мааниси тууралуу айтсаңыз?

— Бул иш-чаралар 4-5 жылдан бери эле ар кайсы мамлекеттерде өткөрүлүп келе жатат. Маселен, былтыр Арменияда болгон. Максаты: «Интеграция багытында кандай иштер жасалды? Кандай жетишкендиктер бар? Дагы кандай чакырыктар болот? Аларды кантип чечүү керек?» деген сыяктуу маселелерге сереп салуу. Ошол эле учурда, ар кандай пленардык талкуулар да өткөрүлөт.

— Өкмөт башчы ЕАЭБ мейкиндигиндеги санарип экономиканы жана товарлардын бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү керектигин айтты. ЕАЭБ эркин соода жүгүртүүгө кандай таасир этип жатат?

— Биз ЕАЭБдин курамына киргенибизде төрт багытта эркин соода жүгүртүү болору айтылган. Алар: акча салуу, инвестиция тартуу, товар киргизүү, мигранттарга шарт түзүү. Бирок ошого карабастан, Орусия тараптан чектөөлөр киргизилип жатат. Айталы, биздин мигранттарга каражат которууда бөгөттөр коюлган. Мындай тоскоолдуктарды ЕАЭБдин сыртындагы тоскоолдук десек болот. Бул маселелер биримдикке кирип жатканда, сүйлөшүлбөй калган. Ал эми ички саясатты алсак, ошол эле Казакстан, Кытайга биздин товарлар кирип баратканда ал жактагы текшерүүнү күчөтүп, өзүлөрүнүн мыйзамдарына салып жатышат. Бирок буга канчалык деңгээлде көңүл бурулат? Чечилеби? Ал башка жагдай болуп калат.

— Кыргызстан үчүн ЕАЭБке товарларды алып чыгууда эмне жана кимдер тоскоолдук болууда?

— Ар бир мамлекеттин өзүнүн чек арасы бар. Анда атайын органдар иштейт. Коопсуздугун, талаптарын карашат. Казакстанга товар алып баратканда биздин ишкерлер кыйналып эле жатат го? ЕАЭБге кирип жатканда ушул маселеге басым жасалбай калган. Мунун жөн гана ички рыноктун коопсуздугу деп жатышат. Бирок башка маселе пайда болот. Эмне үчүн Кыргызстанга кирген товарлар ошондой деңгээлде каралбайт? Эмне үчүн келген товарларда кыргызча нускама жок? Биз деле ошондой талаптарды койсок болот. Фитосанитардык көзөмөлдөрдү ачып, ички саясатты жүргүзүп, рыноктун көзөмөлүн сактасак болот.

— Кыргызстан 2019-жылы туристтерди тарта турган дүйнөдөгү 5 өлкөнүн катарына кирди. «Биз мурдагыдай эле ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн туристтерин кабыл алууну каалайбыз», — деди Өкмөт башчы. Бул үчүн кандай шарттарды түзүшүбүз керек? Тактап айтканда, эмне жетишсиз болуп жатат?

— Ар дайым айтып келгендей, коопсуздук жагы. Бул маселени жылда көтөрөбүз, бирок көп жылыш жок. Экинчи маселе — инфратүзүм. Программалар мамлекеттик деңгээлде жазылганы менен, жеке фактор канчалык деңгээлде эске алынган? Мамлекетке туристтерди тартуу үчүн, башкысы коопсуздукту эске алышыбыз керек.

— Бул аянтча инвестор тартууга канчалык ылайыктуу?

— Менин оюмча, бул аянтча инвестор тартууга деле багытталган эмес. Эгерде инвестор тартууну кааласак, ага туура келген, ылайыктуу бизнес долбоорлор жазылышы керек. Сунуштар болушу керек. Анан ошол жазылган долбоорлорго ылайык делген инвесторлор бул жерге чакырылышы керек. Менимче, бул иш-чаралар мамлекеттик деңгээлде уюштурулганы үчүн көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер катышып жатса керек.

Copyright © 2017 Maral FM