Биз менен байланышыңыз

Ажыкулов: ЕАЭБдеги бажы салыгынын жогорулашын трагедияга айлантуунун кереги жок

Күн чекит | 24 Окт 2019 | 470 | 0

Жогорку Кенештин 23-октябрындагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга кирген товарлар тобунун бажы төлөмү көтөрүлө турганын эскертип, ал боюнча өкмөт маалымат бербей жатканын сынга алды.

Белгилей кетсек, өлкөгө кирүүчү 166 товардык позицияга жаңы бирдиктүү бажы тарифин киргизүү пландалууда.  Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден кийин бул товардык позицияларга бажы төлөмү боюнча жеңилдиктерди ушул күнгө чейин узартып келген. Ал эми 166 товардын ичинде автоунааларга болгон бажы төлөмүнүн көбөйүшү да бар. Бирок эл өкүлү андан башка 166 позициянын калгандары кайсы товарлар экен деген суроого «өзүм да билбейм» деп жооп берди. Биз бул теманын тегерегинде Айыл-чарба жана өнөр-жайын өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов менен түз эфирде маек курдук.

Марал: Жаңы жылдан баштап 166 товардын бажы салыгы өсө турганы айтылды. Бул маалымат учурда социалдык баракчаларда чуу жаратып, талкууга айланып жатат. Муну трагедияга айлантууга негиз барбы?

-Трагедияга айлантууга негиз жок. Анткени бул — 2015-жылдан бери уюмга мүчө болгондон тарта эле айтылып келе жаткан шарттар. Тескересинче,  ушул күнгө чейин Кыргызстанга импорттолуучу товарлардын салыгын жылдырып, суранып жатып ушул күнгө келдик. Максатыбыз — бизге келүүчү товарларды өзүбүз экспорттошубуз керек эле, же өндүрүп, өзүбүзгө алып калышыбыз керек болчу. Ошондуктан бул маселе бүгүн эле чыга калган жок. Буга чейин деле ЕАЭБтин көйгөйлөрү деп экономика министрлигинин алкагында көтөрүлүп келген эле жагдайлар. Бирок бул жерде башка нерсе бар. Кайсы товарларга бажы салыгы көтөрүлөт? Депутат өзү деле айткан турбайбы «билбейм» депчи. Биз ушул маалыматты так билип алышыбыз абзел. Себеби ошол товарлар учурда өлкөгө кайсы көлөмдө келип жатат? Баасы? Биздин экономикага кандай таасир тийгизет? — деген суроолордун үстүнөн иштешибиз керек. Маселен, ачыкка чыккан үчүнчү өлкөлөрдөн келген унаалардын бажы салыгынын кымбатташын алсак, анда айыл чарбасына керектүү ар кандай шаймандардын баасы да кымбаттайт. Эгерде ЕАЭБке мүчө болгон мамлекеттерден табылбаса, айла жок Кытай, Германиядан алдырганга туура келет да. Кандай гана болбосун, мурункуга салыштырмалуу 10%га кымбаттайт деген маселе. Албетте, фермерлерге таасирин тийгизет.

Марал: 166 товардын бажы салыгы боюнча суроомду улантсам. Бул ишкерлерге, керектөөчүлөргө кандай таасир этиши мүмкүн?

-Учурда келип жаткан товарлардын баасына эле 10%дык кымбаттоо суммасын кошуп коюшубуз керек. Бирок келген товар, унааларыбыз барып-барып кайра эле элибиздин чөнтөгүнө кетип жатпайбы? Алыш керек, колдонуш керек болуп. Бирок айыл жергесиндеги фермерлер жана башка бизнес жасаган адамдар үчүн бул кыйла оор болуп калат. 

Марал: ЕАЭБдин талабы катары аткарып жатабыз. Биримдиктин талаптарын толук аткаруу менен Кыргызстанга кандай пайда келет?

-Бажы биримдигине киргенибиз тууралуу эксперттер, мурдагы премьер-министр деле «айла жок болуп калып киргенге туура келди» деп айтып келишкен. Бирок менин оюмча , биз биримдикке кирдик да. Бирок «киргенден кийин эмне кылабыз»? деген суроого абдан аз жооп издеп жатабыз. Бул биздин эң талылуу жерибиз болуп, 5 жылдан бери ошол суроонун аркасында жүрөбүз. Киргенден кийин шарттарды кантип оңдош керек? Ишкерлерге кандай ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө мүмкүнчүлүк ачылат? ЕАЭБтин талаптарын кантип ишкерлерге жеткирип бере алабыз? Ушул сыяктуу маселелердин үстүнөн көбүрөөк иш алып барышыбыз керек. Фермерлердин, аймактагы бизнесмендердин потенциалын көтөрүп, ЕАЭБтин талаптарын жакындан тааныштыруу аракетин көрүшүбуз керек. Пайдасы — Орусияга товарларды экспорттоо иши жакшы болду. Ал эми зыяны  — өлкөгө импорт товарлары көп келгендиктен, алардын баалары көтөрүлүп жатканы.

Марал: Бул сыяктуу ЕАЭБтин талаптары дагы чыгышы мүмкүнбү? Сиздин баамыңызда Кыргызстанды дагы кандай сюрприздер күтүп турат?

-Албетте, чыгышы мүмкүн. Анткени бул жандуу орган деп айтууга негиз бар. Евразиялык экономикалык комиссия деп да ачылып жатат. Булар замандын талабына жараша жаңы мыйзамдарды, талаптарды киргизип, мыйзам иштеп чыгышат. Кыргызстан ошол жерде абдан активдүүлүгүн көрсөтүп, катышышы керек деп ойлойм. Өкмөт, Экономика министрлиги катышып, кабардар болуп туруш кажет. Анткени биз тең мүчө болгондон кийин маселелер ар тараптуу каралып, биз дагы шарттарыбызды айтышыбыз керек.

Copyright © 2017 Maral FM