Биз менен байланышыңыз

Монголияда бийликке каршы митинг уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Дек 2018 | 689 | 0

Монголиянын борбору Улан-Батордо массалык нааразылык акциясы уланууда. Ага 25 миңдей киши чыкканы айтылууда.

Митингге чыккандар коррупциялашкан жана ашыкча байыган саясатчылардан куралган парламенттин тарашын талап кылышууда. Алардын айтымында өлкөнүн эң байлары 27 жылдан бери бийликте орун алмашып келе жаткан эки атаандаш партия-Монголия элдик партиясы(МАН) менен Демократиялык партиясына(АН) кирип алышып өз саясатын жүргүзүшүүдө.

Эки партиянын аталышынан (МАН+АН) келип чыккан «Туман» сөзү митингдин лозунгуна айланды. Нааразы болгондор Монголияны тумандаткандар парламенттин спикери Миеэгомбын Энхболд баш болгон эки партиянын депутаттары экенин бекемдешүүдө.

Парламент буга чейин спикерди кызматтан алган менен нааразы болгон эл бүтүндөй парламенттин тароосун талап кылышууда.

Эске салсак, бул өлкөдө мындай ири акция 2008-жылы болгон. Ал чоң башаламандыкка айланып, милиция бир нече жаранды набыт кылган болчу. Өлкөдө 1990-жылкы төңөрүштөн бери парламенттик башкаруу өкүм сүрөт. Монголия калкынын 30%ы жакырчылыкта жашайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM