Биз менен байланышыңыз

Абактагы 470 киши эркиндикке чыгат

Кыска кабар | 28 Дек 2018 | 979 | 0

2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирчү жаңы кодекстертер боюнча кылмыш-жаза мыйзамдары жумшарып (гуманизация), жеңил кылмыш менен камалган  470 кылмышкер эркиндикке чыгат.

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров билдирди.

«Мындан сырткары, айрым кылмышкерлерге карата жаза мөөнөтү кыскарат. Учурда бул боюнча тийиштүү документтер даярдалууда. Жаңы жылдык эс алуудан кийин аларды сот органдарына жөнөтөбүз. Пробация кызматы алар камактан чыккандан кийин эмес, камалган күндөн тарта иштөөсү керек. Психологдор жана соцкызматкерлер кылмышкердин иши менен таанышып чыккан соң түрмөнүн сыртында тарбиялоонун жолдорун сунуш кылып, сотко кайрыла алышат.Жеңил кылмыш менен соттолгондор абакта эмес, сыртта атайын кызматкерлердин көзөмөлүндө коомго аралашышат»,-деди Жапаров.

Эске салсак, 1-январдан тарта беш кодекс: кылмыш-жаза кодекси, жоруктар кодекси, кылмыш-процесстик кодекс, жазык-аткаруу кодекси жана бузуулар кодекси күчүнө кирет. Мындан сырткары «пробация жөнүндө» жана «мунапыс берүүнүн негиздери жана тартиби тууралуу» мыйзам киргизилет. Буга ылайык бир катар институттар ачылат: пробация, бирдиктүү реестр, ачык тергөө залы, тергөө соту.

 

Copyright © 2017 Maral FM