Биз менен байланышыңыз

Кодекстердеги кемчилик өкмөткө сынды арттырды

Саясат | 23 Янв 2019 | 929 | 0

Бүгүн Жогорку Кеӊеш өкмөткө күчүнө кирген жаӊы кодекстердеги кемчиликтерди четтетүү тапшырмасы берилген токтомду кабыл алды. Анткени эки жыл мурун кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдардын аткарылышын камсыздоого даярдыктар начар жүргүзүлгөндүгү белгилүү болду. Соттук-укуктук реформага Евросоюз тарабынан 13 млн 600 миӊ евро бөлүнгөн. Анын ичинде жаңы киргизилген өзгөртүүлөрдү коомчулукка жарыялоого 3 млн евро жумшалган.

Жогорку Кеӊеште 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөттүн маалыматын угуу улантылды.

Кыргыз өкмөтү беш кодекс менен эки мыйзамды ишке киргизүү үчүн эки жыл иштеген. Бул аралыкта 31 иш-чаран уюштурулуп,  тийиштүү оргтехникалар менен жабдуулар сатылып алынып, кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын бирдиктүү реестрлери түзүлдү. Ага бюджеттен 300 млн сом каралып, көптөгөн кызматкерлер атайын окутуулардан да өткөрүлдү.

Бирок жаӊыдан ишке киргизилген ченемдик-укук актыларында кемчиликтер аныкталып, кайра тактоо чаралары көрүлүп жатат. Кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдарда бир катар орчундуу каталар кетирилгенин вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков моюнга алды. Ал кемчиликтерди жоюу үчүн эки жүздөй мыйзамга өгөртүү киргизүү керектигин билдирди.

-Ченемдик-укук актыларында орун алган карама-каршылыктарды жоюу үчүн алдыда 200 мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана 600 токтом кабыл алуу милдети турат. Бул маселе боюнча эксперттик топ түзүлдү. Алар мыйзамдардагы карама-каршылыктарды карап жатат. Азырынча 3 мыйзам долбоору парламенттин кароосуна киргизилди.

Разаков билдиргендей, кодекстер менен мыйзамдарды иш жүзүнө ашырууга Евробиримдик тарабынан 13 млн 600 миӊ евро бөлүнгөн. Бул каражат жумушчу топтун айлыктарына, семинарларга, тегерек столдорго жумшалгандыгы айтылды. Ал эми элге жаңы өзгөртүүлөрдү жарналмалоого 3 млн евро жумшалган. Ага карабастан коомчулуктан түшүнбөстүктөр көп болгонун депутаттар сындашты. Мындан улам жумшалган каражатка көзөмөл болбогонун баса белгилешти.

Депутат Акылбек Жапаров каражат натыйжасыз чыгымдалган деп эсептейт. Ошондуктан экинчи фазаны каржылоодо Финансы министрлиги башкарып, акчанын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарына берилүүсүн талап кылды.

-Үч миллион евро калкка аларды түшүндүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жумшалмак. Бирок жарандарыбызда азыркыга чейин жаӊы кодекстер менен мыйзамдар жөнүндө жарытылуу деле түшүнүк жок болуп чыкты.

Эл өкүлдөрү жаӊы ченемдик-укук актыларын даярдоо иш-чараларынын биринчи фазасы үчүн каралган 13,6 млн евро каражаттын кайда жана кандай жумшалганын текшерүү керек экенин белгилешти. Ошону менен катар «Бузуулар жөнүндөгү» кодекске киргизилген айыппулдардын көтөрүлүшү эч кандай логикага сыйбай тургандыгы кошумчаланды.

Талкууда депутаттардын суроосуна өкмөт мүчөлөрү эмес жумушчу топттун мүчөлөрү жооп берип жатты. Айрымдары мыйзамдын аталыштарын алмаштырып, жөндөп жооп бере алган жок.

Деген менен өкмөттүн дарамети мындан артык боло албашын депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын пикиринде, жаңы кодекстерди, мыйзамдарды ишке киргизүү боюнча өкмөт мындан артык даяр болбойт.

-Өкмөттүн жетишкени ушул, мындан артык даяр болбойт. Бүгүн бул маселени карап, чечим чыгаруу керек. Эртеңкиге жылдырсак ошол эле Жеңиш Разаков, ошол министрлер келип «билбейм» деп жооп беришет. Ошондуктан бул маселени жыйындын аягына чейин карап чыгалы деп сунуштайм.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лдиреи Бакыт Төрөбаев  беш кодекс, эки мыйзамдагы кемчиликтер боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат деп нааразы болду. Төрөбаев бул маселени Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга салыштырды.

-Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча төрт жетекчи жоопко тартылды. Бул кодекстер боюнча эки жыл мурун өкмөт «даяр эмеспиз» дегенинен 2019-жылы күчүнө кирсин деп жылдырганбыз. Өкмөт, жоопкерчилик кайда? ЖЭБдеги авария боюнча жетекчилер жоопкерчиликке тартылып, жаңы мыйзамдагы кемчиликтер боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат. Бул жыйындын негизинде өкмөт жыйын өткөрүп, ким жоопкерчиликке тартылышы керек экенин карап көрүшү зарыл.

Жыйынтыгында өкмөткө Жогорку Сот, Башкы прокуратура менен жумушчу топ түзүп, жаӊы күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюп, мыйзам долбоорлорун тез аранын ичинде алып келүүнү тапшыруу боюнча токтом долбоору кабыл алынды. Ага депутаттар тарабынан айтылган сунуштар дагы камтылмакчы. Токтомду аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 1-мартына чейин белгиленди.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Омонов өкмөттүн кодекстердеги мүчүлүштүктөрдү жоюга дарамети жетпей турганын билдирди.

Анын айтымында, президенттик аппаратта тажрыйбалуу эксперттер жок. Алар жогорку окуу жайдын мугалимдерине эле кайрылышат. Эми тажрыйбалуу адистерди жумушчу топко тартуу керек.

-Өкмөт беш кодекс менен эки мыйзамды 1-мартка чейин оңдой албайт. Ага дарамети келбейт. Бул абдан тыкыр иликтөөнү талап кылган жумуш. Алар Жогорку Кеңештин депутаттары берген сунуштарды камтып эле оңдоп келүүсү мүмкүн. Ушуну менен кутулсак деп ойлоп жатышат. Чынында андай болбойт да.

Эске салсак, 1-январда Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекст, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуулар жөнүндө кодекс, «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар күчүнө кирген.

Copyright © 2017 Maral FM