Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Кодекстердеги кемчилик — чоң чырдын башы

Күн чекит | 23 Янв 2019 | 710 | 0

Жогорку Кеӊеш өкмөткө күчүнө кирген жаӊы кодекстердеги кемчиликтерди жоюуну тапшырып, бул боюнча токтом кабыл алышты. Анткени эки жыл мурун кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдардын аткарылышын камсыздоого даярдыктар начар жүргүзүлгөндүгү белгилүү болду. Ушул маселенин алкагында юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев менен «Күн чекит» программасында маек курдук.

-Бүгүн парламентте жаңы киргизилген кодекстер талашка түшүп, парламент өкмөттү, өкмөт атайын жумушчу топту айыптап, жоопкер тарапты издөө менен убара болушту. Жыйынтыгында чийки кодекстерди калыбына келтирүү тапшырмасы берилди. Сиз ал кодекстер менен таанышып чыктыңызбы? Андагы кемчиликтер чынында арбынбы?

-Кодекстерди өзгөртүүдөгү максат кылмыш-жаза боюнча айыптарды гумандаштыруу болчу. Мисалы, тоок уурдагандар да кесилип кетип жатат. Бул багытта андай учурда айып пул төлөй турган кылып туура кылышты. Негизи жалпы концепция туура эле тандалган. Бул жерде азыр мыйзамдардын кемчилиги боюнча талаш жүрүп жатат. Мындагы жоопкерчиликти мыйзам чыгаруучу болгон Жогорку Кеңеш өзүнө алышы керек. Анткени жумушчу топ түзүлгөн, аларга каражат бөлүнгөн, депутаттар да ал процесске толук катышкан. Жыйынтыгында, чечимди өкмөт эмес, эксперттер эмес, Жогорку Кеңеш кабыл алган. Кодекстер гумандаштырууга багытталганы менен мындай көрүнүш жок. Анткени айыптарды көлөмү өтө чоң. Биздеги айлыктарды, пенсияны, жөлөк пулду карагыла дагы айыптын суммасын көргүлө. Бул биздин жарандарга кыйынчылык туудурат. Мындайдын баарына Жогорку Кеңеш жооп бериши керек.

-Өкмөткө бир ай мөөнөт берилди. Ал убакыт ичинде бул кодекстердин иштеши кандай болот? Же токтотулуп турабы? Негизи эле бул аралыкта тиешелүү тараптар кайсы мыйзамдар менен иш алып барып турат?

-Жер-жерлерде жаңы кодекстер менен иштеп жатышат. Бирок бизде укуктук вакум түзүлүп калып жатат. Алсак, түкүрүк же айнекти караңгылатып алуу боюнча мыйзам кабыл алынып, ишке ашыруу жөнүндө механизмдери берилген эмес. Туура, Өкмөт бул өзгөртүүлөрдөн кийин мыйзамдын астындагы актыларды түзүшү керек болчу. 1-мартка чейинки убакытта булардын баарын оңдош керек. Убакыт өткөн сайын мыйзамдардын арасындагы карама-каршылыктар, түшүнбөстүктөр, укуктук-ченемдик актылар менен бекитилбегендиги көрүнө баштайт. Бул чоң чырдын башы десек болот.

1-январдан тарта кирген 5 кодекс 2 мыйзам ошол бойдон иштей бериши керек. Буларды токтотуп койгонго да, кайра артка кеткендин да кереги жок. Иштетип жатып, каталарын оңдош керек.

-Мындай практика башка өлкөлөрдө да колдонулуп келет экен. Мыйзамды биринчи ишке киргизип, аны процесс жүрүп жаткан учурда байкап, белгилүү мөөнөттөн кийин каталарын түздөгөн. Биз да ошол ыкманы тандасак болот беле?

-Туптуура болот. Бул бир эле Кыргызстанда эмес дүйнөдө колдонулуп келет. Өзгөртүү боюнча чектөөнү биздикилер эле киргизип жүрүшөт. Карасаңар, Баш мыйзамды ушунча жылга чейин өзгөртпөйлү деп жүрүшпөйбү. Бизде эч убакта Баш мыйзам кабыл алып жатканда президент болобу, депутатпы, убактылуу өкмөтпү, эксперттердин оюн угушпайт. Алар менен эсептешип да койбойт. Каалаганын алып-коё беришет да, аягында эксперттерди жамандашат.

Мыйзамды кабыл алгандан кийин аны 1-2 ай дебей, дароо ордунда кабыл алып кете бериш керек.

-Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM