Биз менен байланышыңыз

Кодекстерге кеткен каражат шек жаратты

Саясат | 28 Янв 2019 | 970 | 0

Соттук-укуктук реформага Европа Биримдиги тарабынан бөлүнгөн 13 млн 600 миӊ евролук каражатты текшерүү сунушталды. Анткени 5 кодекс менен эки мыйзамды ишке киргизүүдө аталган сумма коротулганчалык жыйынтык жок экени сөз болууда. Ал эми кыргыз өкмөтү чет элдик уюм бөлгөн каражатка тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Кыргызстанда беш кодекс менен эки мыйзамды ишке киргизүү үчүн Европа Биримдиги тарабынан 13 млн 600 миң евро бөлүнгөн. Бул каражат жумушчу топтун айлыктарына, семинарларга, тегерек столдорго жумшалгандыгы айтылды. Ал эми элге жаңы өзгөртүүлөрдү жарналмалоого 3 млн евро жумшалган. Бирок коомчулукта түшүнбөстүктөр дагы деле көп болгондуктан депутаттардын сынына кабылды. Мындан улам жумшалган каражат «сарамжалдуу пайдаланылган эмес» деген пикирди айтып, эл өкүлдөрү Акылбек Жапаров жана Курманкул Зулушев аны текшерип чыгуу сунушун беришти.

Өкмөт Евробиримдик тарабынан келген грантка өзүнүн тиешеси жок экенин айтууда. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билинбегени менен техникалык түзүлүш жагынан чоң иштер аткарылганын кабарлады. Ал эми жумшалган каражатты териштирүүнү атайын органдар жүргүзүшү мүмкүн деди.

Техникалык түзүлүш жагынан чоң жумуштар аткарылды. Жаңы кодекстердин күчүнө кире тургандыгы тууралуу жалпы маалымат ЖМКларда жарыяланды. Каражатты Европа Биримдиги бөлүп берген. Өздөрүнүн компоненттери бар. Каражатты бенефициарлар аркылуу өздөштүрүшкөн. Териштирүүнү атайын органдар жүргүзсө керек деп ойлойм. Чет элдик уюм акчаны ошол мезгилде иштеген жумушчу топко гранттык негизде бөлүп берген.

Эл аралык уюмдан келген каражатка соттук-укуктук реформанын биринчи фазасына тиешелүү иш-чаралар аткарылган. Бирок акча натыйжасыз чыгымдалгандыктан, экинчи фазасына бөлүнө турган каражатты кимдир бирөөлөр эмес, Финансы министрлиги башкарып, каражаттын басымдуу бөлүгүн укук коргоо органдарына берүү керектиги сунушталды.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Евробиримдик бөлгөн каражат Кыргызстан тараптын колуна тийбешин белгилеп, аны текшерүүнүн кереги жок деп эсептейт.

-Коротулган каражатты текшериш керек деген депутаттар акчаны каптап келип министрликтерге тараптып бергендей эле көрүп жатат. Негизинен андай болгон эмес. Ал каражат Европа Парламенти тарабынан берилген, аны Бишкектеги Европа Биримдигинин өкүлдөрү бир тыйынына чейин өздөрү короткон. Алар кыргыздарга ишенбей, колуңарга берсек туура эмес пайдаланасыңар деп ар бир тыйынын өздөрү пайдаланган. Ага эксперттерди окуткан, тренингдерди өткөргөн. Чет жактан эксперттерди алып келип, сотторубузду окуткан. Ошондой эле сотторду, прокурорлорду жана депутаттарды Европа парламентине алып барып, кырдыртып келген. Кыргызстандан барган жоон топко Европада соттор, прокурорлор мындай иштейт деп көрсөткөн. Алардын арасында мен дагы бир жолу барып келгенмин. Башкача айтканда, каражатты Евробиримдик өзү короткон. Алардын акчасын биз текшеребиз деген туура эмес. Бизде текшербегиле десе күмөн туулат. Евро биримдик кааласа отчётун деле берип коёт. Кыргызстан каражатка окуп, билим алып эле убайын көргөн.

Ушул эле ойду улаган эл өкүлү Исхак Масалиев соттук-укуктук реформага бюджеттен каражат бөлүнбөгөндөн кийин чет элдик гранттын жумшалышын текшерүүнүн кажети жок деп ойлойт.

-Каражат маселесине мен кызыккан жокмун. Бул бюджеттин акчасы эмес. Чет өлкөлүк уюмдар грант бөлүп, аны өздөрү эксперттерди жалдап иштет. Бюджеттен каражат бөлүнсө бир жөн эле. Уюм ар бир тыйынын эсептеп турат. Каражатты кофе-брейкке, китепти басып чыгаргандарга жумшаган. Көп эле жумуштарды аткарганын билемин. Муну чет элдик эксперттер жакшы өздөштүрүп, жол-жоболорун жакшы билет.

Ал эми бюджеттен каралган 300 млн сомго тийиштүү оргтехникалар менен жабдуулар сатылып алынып, кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын бирдиктүү реестрлери түзүлдү. Буга байланыштуу көптөгөн кызматкерлер атайын окутуулардан да өткөрүлгөн.

Деген менен, жардам катары келген каражат болсо да аны эксперттер кандай пайдаланганын изилдеп чыгуу керектигин Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, реформанын алкагында 13,6 млн евролук жумуш жасалган жок. Депутаттар каражатты текшерүү маселесин туура көтөрдү.

-Эл аралык уюм чоң көлөмдө каражат бөлүп жатса, жыйынтыгында 5 кодекс менен эки мыйзамдын абалын көрбөдүкпү. Элдин баары түкүрүк боюнча нааразы болуп жатат. Анан сөзсүз түрдө текшериш керек да. Депутаттар маселени туура эле көтөрдү. Мыйзамды иштеп чыккан эскперттер чет элдик уюмдардын буйрутмасын аткарып эле романа-германдык, англо-саксондук укук системасында жазылган нормаларды бизге алып келип жатат. Ал биздин турмушта иштеп кетеби же жокпу, ылайык келбесе да чаптап жатат. Бул өзү туура эмес иш болгон.

Кошумчалай кетсек, өкмөт жаңы кодекс жана мыйзамдардагы кемчиликтерди мартка чейин оңдоп чыкмакчы. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тишелүү токтому да кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM