Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик символдорду бузгандар жоопко тартылат

Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 439 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Салайдин Айдаров жаңы эле күчүнө кирген Бузуулар тууралуу кодекске толуктоо киргизүүнү сунуштады. Ал сунуштаган долбоор коомдук талкууга коюлду.

Эл окүлүнүн айтымында кодекстерде мамлекеттик эн белгилерди, мөөр тамгаларды жана символдорпду бузуп колдонуу же өзгөртүүлөр үчүн жоопкерчилик каралган эмес.

Мамлекеттик символдорду даярдоодо талаптарды эске албаган  жеке жарандар учун 10 мин сом, юридикалык жактар үчүн 28 мин сом айыппул салуу талап кылынды.

Ал эми аларга атайылап зыян бергендер үчүн 7,5 миң сом айыппул каралды.

 Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта беш кодекс: Бузуулар, Кылмыш-жаза, Жоруктар, жазык процесстик жана жаза аткаруу кодекстери ишке кирди.

Copyright © 2017 Maral FM