Биз менен байланышыңыз

Өкмөт айып пулдардын өлчөмүн азайтат

Коом | 15 Янв 2019 | 619 | 0

Күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар жөнүндө жер-жерлерде калкка түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат жыйынында айтылды. Түкүрүк үчүн айып 5500 сомдон миң сомго чейин азайтылат. Ал эми жол эрежесин бузгандарга айыппул салган инспекторлорго карата да рейд жүргүзүлүүдө.

Коомчулукта 1-январдан баштап күчүнө кирген жаңы 5 кодекс жана эки мыйзам тууралуу терс пикирлердин аягы тыяла элек. Ага карабастан өкмөт элге түшүндүрүү ишин жүргүзүп жатканын кабарлады. Ошону менен бирге кодекстер күчүнө киргенге чейин тийиштүү иш-мерчемдердин баары аткарылганы айтылды. Жаңы тартиптерди иштеп чыгуу жана кабыл алууда өкмөт аралашкан эместигин билдиришти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кылмыш-процессуалдык кодексте жана пробация тууралуу мыйзамда кемчиликтер бар экенин айтып, алардын үстүнөн иштер жүрүгүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтуусунда, түкүрүк үчүн айып 5,5 миң сомдон 1 миң сомго чейин азайтылат.

1-январга чейин даярдык көрдүк. Буга чейин укук коргоо органдарында абал өтө начар эле. Бирдиктүү реестрди түзүүгө 6 орган катышат. Башкармалыктардын баарын техникалык жактан камсыздадык. Кадр маселесин карап чыктык. Бузуулар жөнүндөгү бирдиктүү реестерди ИИМ көзөмөлдөйт, кылмыштар боюнча бирдиктүү реестерди Башкы прокуратура карайт. Түкүрүү «таштандыны белгиленбеген жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» беренесине кирип калган. Бул берене үчүн айып пул 5,5 миң сомду түзөт. Биз бул сумма таштандыны өрттөгөнгө толугу менен туура келет деп эсептейбиз. Бирок кодексте коомдук жайда чылым чеккендер үчүн да айып бар. Учурда түкүрүк үчүн айыпты чылым чегүү беренеси менен теңөөнү ойлонуп жатабыз. Ал 1 миң сом.

Мындан тышкары, Разаков коопсуздук курун такпаган айдоочулардын баарына 1000 сомдон айып салууну туура деп эсептейт.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев айрым кылмыштарга жазанын жеңидетилгени уурулукту күчөтөт деген кооптонууларды четке кагат.

Министрдин баамында, мыйзамдарды гумандаштыруудан чөнтөк уурулары тарабынан кылмыштар өспөйт. Адам тоок же уюлдук телефон уурдаса, анда ал коомдук жумуштарга жаза катары жиберилет. Премьер-министрдин тапшырмасынын алкагында болсо жолдогу инспекторлорго рейддер жүрүп жатканын кошумчалады.

Кодекстер боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлүп жатат. Учурда инспекторлор жол эрежесин бузгандарга чара көрүү боюнча иштерин жүргүзүп жатышат. Алардын ишине рейдди Коопсуздук кызматы, прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы алып барууда. Жыйынтыга азырынча чыгарыла элек.

Башкы прокуратуранын өкүлү Сирожиддин Камолидинов болсо жеңил кылмыш кылган адамдар Кылмыш кодексинин 351-беренеси жоопкерчиликке тартылаарын белгиледи.

-Биздин максат түрмөлөрдү толтуруу эмес, адамга оңолууга мүмкүнчүлүк берүү болуп эсептелет. Адам адашып, кайра туура жолго кайткан учурлар көп. Ал эми бул мыйзам катачылык менен кылмышка баргандыгы үчүн түрмөгө отуруп, соттолгон деген атка “конбогонго” жардам берет. Бирок эгер жаран санкцияларды аткарбаса, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Белгилей кетсек, жаңы кодекстерге өзгөртүү киргизүү 2012-жылы башталып, 2017-жылы кабыл алынган.

Өкмөт билдиргендей, соттук-укуктук реформаны аткарууга 7 жыл убакыт керектелет.  Буга 3 миллиард 400 миллион сом сарпталат деп божомолдонууда. 2019-жылда аткарыла турган жумуштарга 744 миллион сом бюджеттен бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM