Биз менен байланышыңыз

28-декабрда Туристтик милициянын бет ачары болот

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 604 | 0

28-декабрда Туристтик милициянын бет ачары болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын саптык кароо-тескемеси өтмөкчү. Анда милициянлардын жер-жерлерде кызмат өтөөлөрү менен коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча өз милдеттерин аткаруусу, андан сырткары сырткы көрүнүшү, тыкандыгы текшерилет.

Саптык кароо-тескемеге ички иштер министри Кашкар Джунушалиев да катышат. Аталган иш-чарада жаңы түзүлгөн Туристтик милициянын да бет ачары болмокчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM