Бүгүн, 18-декабрда Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Ош шаарында Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуулардын учурдагы абалы жана актуалдуу темалар, ошондой эле чек аралык кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү келечектери талкууланды.