Connect with us

Кыргызстан жана Өзбекстан Өкмөт башчыларынын  жолугушуусу өттү

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 614 | 0
 Бүгүн, 18-декабрда Кыргызстандын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Ош шаарында Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуулардын учурдагы абалы жана актуалдуу темалар, ошондой эле чек аралык кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү келечектери талкууланды.

 

Copyright © 2017 Maral FM