Биз менен байланышыңыз

Йеменде согуштун табы кайтат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 669 | 0

18-декабрдан баштап Йемендин стратегиялык маанилүү порт шаары Худайдада согушту токтотуу боюнча тынчтык келишими күчүнө кирди. Бул тууралуу Йемендин Тышкы иштер министри Халид ал Йамани билдирди.

Мындан ары йемендиктердин жашоосунда маанилүү орду бар Худайда аба майданы БУУнун көзөмөлүндө туруп, анда сырттан азык-тулүк ташуу иштери жөнгө салынат. Мындай жол менен миллиондогон Йемен тургундарынын жашоосун жеңилдетип, инфраструктураны калыбына келтирүү аракети көрүлөт.

Өткөн аптада Стокгольм шаарында БУУнун демилгеси жана катышуусу менен өткөн тынчтык сүйлөшүүсүндө Йеменде согушуп жаткан шииттик хуситтер менен Арап коалициясынын өкүлдөрү мындай чечимге макулдугун билдиришкенин  БУУнун Башкы  катчысы Антонио Гуттериш жарыялаган болчу.

Соңку аптада бул аймакта эки тараптын куралдуу кагылышуулары күч алып, кечээ токтоду.

Эске салсак, дээрлик беш жылдан бери токтобой келген Йемен согушу өлкөнүн 22 миллион жай тургунун гкманитардык кризиске кептеп, ачкалык жана анын натыйжасында пайда болгон оорулардын айынан миңдеген йемендик набыт болушту. Эл аралык уюмдардын маалыматында кеминде 85 миң жаш бала согуштун айынан өмүрүнөн ажырашты. Ирандын колдоосу менен бийликке каршы чыккан хуситтер менен суниттик Арап коалициясы орчундуу натыйжаларга жете албай, согуш узарып, натыйжада мамлекетти болуп көрбөгөндөй апаатка учуратышты.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM