Биз менен байланышыңыз

Криминалдык топтун активдүү мүчөсү кармалды

Без рубрики , Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 853 | 0

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жеке ишкерге таандык “Мерседес Гелендваген” үлгүсүндөгү автоунааны өрттөөгө тиешеси бар шектүүлөр кармалды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери 2015-жылы Ысык-Көл аймагында бирөөнүн мүлкүн атайылап зыянга учуратуу фактысына байланышкан кылмыш ишинин бетин ачышты.

2015-жылы июль айында Ысык-Көл районунда жайгашкан “Дельфин де Люкс” пансионатында шаар тургунуна таандык “Мерседес-Бенц G-500” үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз адамдар өрттөп кетишкен. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүмү (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш иши буйрутма берүү менен жасалганы жана ага криминалдык чөйрөнүн тиешеси бардыгы аныкталган. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралары учурунда буйрутманы аткарып, кылмыш жасаган шектүүнүн өздүгү такталып, учурда башка кылмыш ишин жасагындагы үчүн жаза мөнөтүн аткарып жаткан Б. А. аттуу болуп чыккан.

Жакында Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмыш ишин жасоого буйрутма берген жаран кармалды. 2018-жылдын 11-декабрь күнү жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда 2010-жылы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 15 жылга эркинен ажыратылган 1979-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалды.

Азыркы учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматында, 1979-жылы туулган А.Т. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ыкчам маалымат боюнча анын Москва шаарында жана Россиянын башка аймактары боюнча криминалдык дүйнөдө «положенец» деп аталган макамы бар. Андан сырткары ал азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи май сотунда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү менен козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүүдө жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM