Биз менен байланышыңыз

Султанов: Депутаттар эл алдында жооп бербей калды

Пикирлер | 12 Дек 2018 | 582 | 0

Азыр парламенттин депутаттары эл алдында жооп бербей калгандай. Бул — системанын жыйыныгы. Анткени адамдар системага жараша топтолот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Марат Султанов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламенттик системанын дагы жетишпеген жактары бар. Эл өкүлдөрү парламентке партиялык тизме менен келгендиктен, карыздарын төлөө үчүн адамдарды адистигине карабай кызматка коюу аракеттинде. Андыктан партиялык система кадр саясатына кедергесин тийгизүүдө. Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл. Бул система өзгөрсө, сапат дагы өзгөрө баштайт.

Султанов мындан сырткары АКШ 300 жылга жакын аралыкта Конституциясына жыйырмадай жолу өзгөртүү киргизгенин, бул жаатта президент Сооронбай Жээнбеков башында туруп, өлкө Баш мыйзамды талкуулап, чекит коюшу керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM