Биз менен байланышыңыз

Өткөн жумада 36 адам чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 579 | 0

Акыркы бир жума ичинде 36 жаран чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу чек ара кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, “Чечме-автодорожный” өткөрүү пунктунда башка жарандын туулгандыгы жөнүндө күбөлүк менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалган.

Ошондой эле “Акжол-автодорожный” пунктунда Казакстан аркылуу Орусияга өтүүнү көздөгөн жаран да колго түшүрүлгөн.

Ал эми “Манас” аба майданынан Бишкек-Стамбул багыты аркылуу башка бирөөнүн паспортун колдонуу менен учууга аракет кылган адам да аныкталган. Жыйынтыгында, ал өзүнүн паспорту аркылуу Түркияга кирүү укугунан ажырагандыктан, ушундай кадамга барганы маалым болгон.

Бул фактылар боюнча Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иш алып барууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM