Биз менен байланышыңыз

Зилалиевдин жашырган мүлкүнүн көлөмү аныкталды

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 894 | 0

Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Зилалиев мамлекеттик кызматта иштеп турганда 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктарда сактап келген 889 миң 900 АКШ долларын декларацияда көрсөткөн эмес. Мындан сырткары өзүнүн бир туугандарына каттаткан турак-жайлары, батирлери жана жер тилкелери да аныкталган.

Эске салсак, Зилалиев 2011-2016-жылдардагы мүлкүн 2,5 миллион сом деп көрсөткөн. Ал эми аялынынын кирешесин 408 миң сом деп билдирген. Ага «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга убактылуу камакка алынды.

 

Copyright © 2017 Maral FM