Биз менен байланышыңыз

Макрон Япониядан өз жаранын ачык-айкын соттошун талап кылат

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 776 | 0

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Аргентинадагы саммитте Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушууну сурады. Буга япон делегациясы жооп кылып,  кыска убакытка сүйлөшүүгө макул болду. Бул тууралуу Майнити басылмасы билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүнү каалаган Макрондун негизги максаты-атактуу Renault, Mitsubishi жана Nissan авто компанияларынын башчысы француз Карлос Гондун Японияда камалуусунун себептерин ачыктоо жана тергөө иштеринин ачык-айкындуулугун талап кылуу.

Карлос Гон 19-ноябрда Токиодо кармалып, ага каршы «акча кымыруу, кыянаттык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Буга Токио анын өздүк мулкүнүн декларациясында кирешелерин аз көрсөтүп, кээ бирин такыр эле жазбай койгонун жүйө келтиришүүдө. Токио прокуратурасынын айтымында Гон 2010-2017-жылдар арасындагы кирешесинен 71 миллион долларын кемитип жазган жана кызматтан кеткенден кийин алчу пенсиясын да көрсөткөн эмес. Бул Япониянын мыйзамы боюнча кылмыш болуп саналат.

Мындан сырткары анын Париждеги, Бейруттагы жана Амстердамдагы кыймылсыз мүлктөрү компаниянын эсебинен алынганын, алар кызмат үчүн эмес Гондун уй-бүлөсү тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонулуп жатканын да ачыкташкан.

Кошумчаласак, Карлос Гон ишкердик дүйнөсүндө «чыгаша өлтүргүч» деген лакап менен таанымал. Ал бир нече ири компанияларга жетекчи болуп келгенден тарта анын чыгашаларын кескин түрдө азайтып, бат эле бутуна тургузуп койгон. Теги ливандык ишкер 2011-2012-жылдары Япониядагы эң кымбат топ-менеджер деп табылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM