Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы газ менен жүргөн 60 автобус сатып алат

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 601 | 0

Бишкек мэриясы 380 млндон ашуун сомго газ менен жүргөн 60 автобус сатып алат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Автобустарды сатып алуу боюнча 20-ноябрда тендер жарыяланган. Анын негизинде шаардык бюджеттен 382 млн 577 миң сом өлчөмүндө каражат каралган.

Сатылып алынчу автобустар экологиялык нормада Евро-5 классынан төмөн болбой, газ менен жүрүүгө тийиш. Ошондой эле «Электрондук билет» долбоору үчүн валидатор орнотула турган болушу зарыл деп айтылат.

Белгилей кетсек, шаардагы кичиавтобустарды толук алмаштыруу үчүн 800 даана автобус керектелет. Учурда шаар тургундарын 100 автобус тейлеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM