Биз менен байланышыңыз

Аматов: Шаардык кеңеш маршруткалар менен 5 жылдан бери соттошууда

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 789 | 0
Рысбай Аматов Бишкек шаардык кеңешинин депутаты

Бишкек шаардык кеңеши 22-ноябрдагы жыйынында коомдук транспортторго карата жол кирени жогорулатуу маселесин карайт. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов “Марал” радиосуна билдирди. Анын айтымында, мындай сунуш мэрия тараптан берилүүдө.

Учурда бааны канча сомго көтөрүү боюнча так сунуш жок. Ал үчүн Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин жана Экономика министрлигинин корутундусу керек болот.

Депутаттын пикири боюнча учурда маршруттук таксилер жол киренин баасын көтөрүүсүнө эч кандай негиз жок. Ушунун айынан шаардык кеңеш жеке транспорттук ассоциациялар менен 5 жылдан бери соттошуп келүүдө.

-Алар биз менен эмнеге ушунча жылдан бери соттошуп келе жатышат? Демек, алар пайда көрүп, бир кызыкчылыгы болуп жатат. Эми соттон утулуп баратып, 4 жыл иштеген соң кайра чуу салып, жол кирени көтөргүлө деп жатышат.Бул бир топтун эле кызыкчылыгы менен болуп жатат.

Шаардык кеңеш коомдук транспорт боюнча иштеп чыккан жобого ылайык, конкурс ачык болуп, ага каалаган бардык фирма катыша алмак. Ошол жерде көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген фирмалар жеңип келгенде, мындай акыбал болбой турганын айтты.

-Жободо орундары, GPS навигация, тазалыгы, чыккан жылы, дөңгөлөгүнөн бери эске алып, талап койгонбуз. Ошого жооп берген гана техникалар кирмек. Жобону иштеп чыккандан эртеси күнү эле бизди сотко беришти. Ошондон бери соттошуп эле келе жатабыз. Негизгиси, мыйзам биз тарапта,-дейт Аматов.

Депутаттын айтымында, жобого ылайык, маршруттук таксилерден тышкары чоң автобустар да конкурска катыша алмак. Жаңы фирмалардын да катышууга укугу бар болчу. Бул жерде коррупциялык кадамдар болгону үчүн ушундай жагдай түзүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле коомдук транспорттук фирмалардын артында чоң кызматтагы аткаминерлер турарын, ошого ишенүү менен сотко берип, 45 депутат менен күрөшүп жатышканын да кошумчалады.

Учурда коомдук транспорт — маршруткада күндүзү жүрүү үчүн жарандар 10 сом төлөйт, кечкисин 12 сом алынат. Ал эми автобустарга жол киренин баасы 8 сом.

Copyright © 2017 Maral FM