Биз менен байланышыңыз

Бишкекте келерки жылы 11 эс алуу зонасы ачылат

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 614 | 0

Бишкек шаарында 2019-жылы 9 миңге жакын бак-дарак отургузулат. Аны менен катар 11 эс алуу зонасы ачылат. Бул тууралуу мэриянын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Касымов тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, шаардын экологиясына учурда бир гана мекеме жооптуу. Бул Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция болуп саналат. Дал ушул мекеме гана Бишкектин экосистемасына таасир эте алат деп белгиледи.

Ошондой эле экология үчүн комплекстик чара көрүш керек. Эки бульварды реконструкциядан өткөргөнү жатабыз деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM