Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Матросов көчөсүнүн аймагында суу өчөт

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 784 | 0

21-ноябрда Бишкек шаарындагы Матросов көчөсүнүн аймагында суу токтойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Матросов көчөсүндөгү Ахунбаев жана Горький көчөлөрүнүн аралыгында суу өчөт. Бул аймакта саат 9:00-19:00 аралыгында суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү иштери кышка карата түтүктөрдү оңдоого байланыштуу болгондугу айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM