Биз менен байланышыңыз

Бүгүн төрөлгөн балдарга белек берилет

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 761 | 0

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарында «Биринчи демден» аттуу улуттук кампания ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуонун катышуусунда ишке ашты.

Кампаниянын алкагында Кыргызстан боюнча 20-ноябрда төрөлгөн 2000 ымыркайга көк лентага байланган белек бериле тургандыгы айтылат. Көк лента бардык балдардын укугу бирдей дегенди түшүндүрөт.

Айта кетсек, 20-ноябрь ымыркайлар күнү катары 1989-жылдан бери белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM