Биз менен байланышыңыз

Быйыл бюджеттин кирешеси 142 млн сомду түздү

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 557 | 0

Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинде өлкөнүн 2018-жылга карата бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата болжолу жөнүндө мыйзам каралды. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү катышты.

Абылгазиев бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү боюнча баяндама жасап, быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 142 млн сом суммасында болгонун айтты. Бул ички дүң продукциясынын 25,4%да каралган.

Бюджеттин чыгашасынын жалпы көлөмү 157 млн сомдун деңгээлинде түзүлгөн. Бул 2018-жыл үчүн бекитилген бюджеттен 3 млн сомго аз.

Ал эми бюджеттин таңсыктыгы 15 млн сомду түзөт. Бюджет таңсыктыгын жоюу үчүн 15 млн сом суммасындагы каржы булактары каралган.

Copyright © 2017 Maral FM