Биз менен байланышыңыз

14 шаардын өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 670 | 0

Бүгүн, 2-ноябрда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» президенттин жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, натыйжа болушу үчүн ар бир жетекчиден жоопкерчиликтүү мамиле талап кылынат. “Биздин максат – калк жер-жерлерде жашоо сапатынын чындап жакшырганын сезүүсү керек”, — деп белгиледи.

Кеңешменин жүрүшүндө учурда 14 шаардын өнүктүрүү программасы бекитилип, ал эми 6 шаардын программасы аяктоо баскычында тургандыгы айтылды.

Кубатбек Боронов тиешелүү мамлекеттик органдар президенттин аталган жарлыгын ишке ашыруу боюнча бардык күч-аракеттерди жумшоого тийиш деп өзгөчө басым жасады.

Copyright © 2017 Maral FM