Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Өкмөттүн 5 жылдык планын ишке ашыруу үчүн туруктуулук керек

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 600 | 0

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде Өкмөттүн өлкөнү өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки планын кабыл алганын билдирди.

Ошондой эле мамлекет башчысы аталган планды ишке ашыруу үчүн өлкөдө туруктуулук керектигин, буга чейинки башаламандыкка шайлоолордун жыйынтыгынын бурмаланышы себеп болгонун белгиледи.

Президент Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүүнү көздөй турганын билдирди:

  1. ар жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу темпин орточо алганда 5% деңгээлде камсыз кылуу;
  2.  ИДӨнү калктын жан башына алганда кеминде 1 500 долларга жеткирүү;
  3. жумушсуздуктун деңгээлин 5%га чейин төмөндөтүү;
  4. тикелей чет элдик инвестициялардын ар жылдык келүүсүн кеминде ИДӨнүн 13% өлчөмүнө жеткирүү;
  5. мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүн ИДӨнүн 60%дан көп эмес деңгээлинде сактоо;
  6. адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 5 позицияга жакшыртуу;
  7. глобалдык атаандаштык индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу;
  8. калктын жакырчылыгын 20%га, анын ичинде балдардын жакырчылыгын 25%га чейин төмөндөтүү;
  9. Жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 50%ын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү;
  10. өлкөнү электрондук өкмөттү өнүктүрүү индекси боюнча алдыңкы 60 өлкөнүн катарына киргизүү;
  11. парник газдарын чыгарууну 17%га кыскартуу;
  12. коррупцияны кабылдоо индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу.

Copyright © 2017 Maral FM