Биз менен байланышыңыз

КМШ өлкөлөрүнө губернаторлордун форумун өткөрүү сунушталды

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 613 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигиндеги өлкөлөргө “Кызматташтык алкагында губернаторлордун аймак аралык форумун” өткөрүүнү сунуштады.

Бул тууралуу учурда Астанада өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитинде билдирди.

Анын айтымында, мындай демилге импорт жана экспортту жүргүзүүгө, биргелешип ишканаларды түзүүгө жол ачат.

Ошондой эле, технологиялык жана инновациялык жаңыланууда кызматташууга шарт түзөт. Натыйжада КМШ өлкөлөрүнүн аймагында экономикалык карым-катнаш бекемделет деп белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM