Бишкекте сүйүнчү пулду 8 миң 884 үй-бүлө алган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы комитет жыйында билдирди.
Ата-энелердин 30 пайызы түрдүү себептер менен сүйүнчү пул алышкан эмес же алуудан баш тартышкан.
Белгилей кетсек, өлкөдө быйылкы жылдан тартып балалуу болгондорго 4 миң сомдон сүйүнчү пул төлөп берүү тууралуу мыйзам иштей баштаган.