Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова Кытайдын маданият министри Ло Шуган менен жолугушту

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 821 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кытай Эл Республикасынын маданият жана туризм министри Ло Шуган менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда  маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери, президент Сооронбай Жэнбековдун Кытай Эл Республикасындагы сапарындагы макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Министр Ло Шуган 2019-жылы Кыргызстанга Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде “Манас” операсын коюп келүүгө даярданып жаткандыктарын билдирди. Бул опера өздөрүндө кытай тилинде 10 ирет коюлгандыгын кошумчалады.

Аны менен катар Кытайда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды өткөрүү пландалгандыгын айтып өттү.

Ал эми вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий жана археологиялык мурастарды сактоо тармагында бирге иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM