Биз менен байланышыңыз

“Ак Бата” конушунда акысыз медициналык консультация берилет

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 802 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бириккен улуттар уюму менен биргеликте Бишкектеги “Ак-Бата” конушунун тургундарына репродуктивдик саламаттык боюнча акысыз консультация берет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бул иш-чара эки дарылоо-диагностикалык клиниканын көмөгү менен ишке ашат. Анда 17-октябрда тургундар саат 11:00-18:00 аралыгында гинеколог, уролог, маммологдон, ультраүндүк изилдөө боюнча акысыз консультацияларды ала алышат.

Уюмдун маалыматы боюнча, үй-бүлөдөгү балдардын саны, алардын төрөлүү аралыгы өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө түрткү берет.

 

Copyright © 2017 Maral FM