Кыргызстан менен Тажикистан жарандарынын эки өлкөнүн аймагында катталуу мөөнөтү 60 күнгө чейин узартылат. Буга тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-окууда каралды. Соңунда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 1-февралында Дүйшөмбү шаарында катталуу мөөнөтүн узартуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашууга кол коюлган.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азиядагы 5 өлкөнүн эң кичинекейлери болуп эсептелишет. Эки өлкөнүн калкы Борбор Азиянын калкынын жалпы санын 20% гана түзөт.